Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визити аяктады.

Визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстан менен Кытайдын

ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жол чарбасы тармагындагы кытайлык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту, электромобилдерди чыгарган корпорацияга жана Кытай айыл чарба илимдери академиясына барды.

Мамлекеттик визиттин маданий бөлүгүнүн программасына ылайык Мамлекет башчысы «Манас» операсына жана Кытайдын бир катар ажайып жайларына барды.

9-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн КЭРдин Циндао шаарына учуп кетти.