Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул боюнч Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары министри Кубатбек Боронов объектилердин курулушу, уюштуруу маселелери жана коопсуздук, демөөрчүлөрдү тартуу боюнча маалымат берди.

"Жыйын алдында Turkish Airlines ири түрк компаниясынын өкүлдөрү менен көчмөндөрдүн боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. Компания оюндун логотиптерин учак билетеринде жана учактын сыртында жайгаштыруу, өздөрүнүн журналдарында көчмөндөр оюндары боюнча макалаларды жарыялап турууга сөз беришти. “Биздин авиакатамдын кызматын беш милион адам колдонушат, демек кошумча дагы беш милион адамга таанытууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга кошумча, Түрк Аба Жолдору мелдештерге катыша турган спортчуларга билеттин баасын кыйла төмөндөтүп беребиз”- деп билдиришти.

Өкмөт башчы тендердик иштерди тездетүүнү  жана бюджеттик каражаттарды ачык айкын колдонуусун камсыз кылууну тапшырды.