23.04.22

2022-жылдын 19-22-апрель күндөрү, Пакистандын Исламабад жана Лахор шаарларында, Кыргызстандын жана Пакистандын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Пакистан” соода-инвестициялык форуму болуп өттү.

20.04.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-апрелде, Азербайжандын Баку шаарында расмий сапарынын алкагында, жергиликтүү ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

20.04.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

19.04.22

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-апрель күнү, Түркиянын Кыргызстандагы  атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен көрүштү. Бул тууралуу,  Тышкы иштер министрлигинин  маалымат кызматы билдирди.

14.04.22

“Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы учурда 50 млн долларды түзөт. Келечекте анын капиталы 200 млн долларга чейин жогорулатылат. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

14.04.22

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Вице-премьер-министри, инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен 14-апрелде   жолугушту.

11.04.22

Башкортостандан келген делегация, Кыргызстандан кездемелерди жана атайын тигилген кийимдерди сатып алууга  кызыкдар. Бул тууралуу “Орус-кыргыз” өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ)    маалымат кызматы билдирди.

11.04.22

Кыргызстан жана Түркия соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат  кызматы билдирди.

08.04.22

Бишкек шаарында болуп өткөн “Келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергиясы жолунда, Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо” Эл аралык энергетикалык форумунун алкагында, бир катар инвестициялык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

01.04.22

Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылында М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Долбоордун сметалык баасы 3,5 миллион долларды түзүп, анын курулушуна, Өзбекстан акча каражатын бөлүп берген.