18.12.23

Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгинде 8-10 миллиард сомго беш жылдыздуу мейманкана курууну пландоодо. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, Кыргызстандын министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады.

15.12.23

Түштүк транспорт коридорунун алкагында, “Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан” багыты боюнча пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи “Элдик Курултайда” сүйлөп жатып билдирди.

15.12.23

Бишкектеги штамптоочу завод 2024-жылы “Shacman” жүк ташуучу унааларды чыгара баштайт деп белгилеп өттү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Бул тууралуу, өкмөт башчысы 15-декабрь күнү  экинчи элдик курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.

28.11.23

Бишкек шаарында 2023-жылдын 28-ноябрь күнү, биринчи “Кыргызстан-Венгрия” энергетикалык форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага, Венгрия жана Кыргызстандын негизги энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү катышты.

20.11.23

Кыргызстандын  Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында  20-ноябрь күнү, депутаттар “2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган “Түрк инвестициялык фондун” түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

19.10.23

Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагында иш алып барышкан ири компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телеграм каналы билдирди.

19.10.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен 2023-жылдын 18-октябрь күнү  жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

19.09.23

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында, 19-сентябрь күнү  Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

01.09.23

Президент Садыр Жапаров 30-августь күнү,  Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган, Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

30.06.23.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.