07.11.22

Кыргызстандын банктар союзу, Түрк тилдүү мамлекеттеринин банк ассоциацияларынын кеңешинин мүчөсү болду. 4-ноябрь күнү, Стамбул шаарында кеңешти түзүү жана көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болгонун Кыргызстандын Банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

08.11.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрь күнү өлкөгө сапар менен келген Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

13.10.22

Кыргызстан, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын транспорт министрлери өлкөлөр ортосундагы транзиттик товар ташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

11.10.22

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Азербайжан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

11.10.22

«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», - деп билдирди президент Садыр Жапаров 11-октябрь күнү Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып.

10.10.22

Кыргызстан Өзбекстан менен биргелешкен туризм долбоорун баштоону пландоодо. Бул тууралуу, 10-октябрда бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын жолугушуусунда Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлү Бакыт Дозоев билдирди.

09.30.22

Кыргызстандын Азербайжандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын каржы министри Самир Шарифов менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинен билдиришти.

30.09.22

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан-Түркия кызматташтыгынын ар кыл багыттары боюнча кеңири талкуулашып, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

28.09.22

Кыргызстанга 2021-жылы 1,3 миллион турист келген, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге көпттүк кылат.  Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

26.09.22

Кыргызстан жана Түштүк Корея  электромобилдерди жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу биргелешкен ишкана ачууга кызыкдар.