24.04.24

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Азербайжанга келди. 24-25-апрелдеги иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуп эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулады.

23.04.24

“BYD Uzbekistan Factory” компаниясы 2027-жылга чейин 500 миң электр жана гибриддик унаа өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Ташкентте өткөн “Иннапром. Борбордук Азия” көргөзмөсүндө “BYD Uzbekistan Factory” компаниясынын директорунун орун басары Диёр Мухамедов билдирди.

19.04.24

Түркия менен Болгариянын ортосунда экинчи темир жолдун курулушу Ортолук коридордун потенциалын жогорулатат.

18.04.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикистандын Душанбе шаарында кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушуп, кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

19.04.24

Казак-кыргыз өз ара аракеттешүүсү стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгүп жатканын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында билдирди.

20.04.24

Кыргызстан менен Түркия 1-майдан тарта эки тараптуу жана транзиттик жүк ташуу үчүн талап кылынган уруксаттарды жокко чыгара турганын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

19.04.24

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо механизми жана соода миссияларын натыйжалуу пайдаланууну талкуулаган семинары болуп өттү.

18.04.24

Өзбекстан жана Тажикстандын экономикалык потенциалынын негизинде жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча жаңы масштабдуу максаттар коюлган. Бул тууралуу, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик иш сапарынын алдында 17-апрелде, Дүйшөмбү шаарында өткөн “Өзбекстан-Тажикстан” инвестициялык бизнес-форумунда айтылды, деп билдирет “УзА” маалымат  агенттиги.

18.04.24

Кыргызстан Азербайжан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуу үчүн байланыштыруучу звено болуп, Түркия менен Европа өлкөлөрүнө жол ача алат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Бишкекте өткөн “Caspian Investment Fоrum Bishkеk” форумунда билдирди.

17.04.24

Кыргызстанда Өзбекстан жана Азербайжан менен түзүлгөн эки өнүктүрүү фонду кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашты.