28.07.20

Ирандын, Афганстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда, социалдык-экономикалык байланыштарды жакшыртуу максатында транзиттик коридор ачылып, пайдаланууга берилди.

25.07.20

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  25-июль күнү, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасынын ачылышында: «Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деп белгилеп өттү.

23.07.20

Казакстандын өкмөтү, Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Тиешелүү буйрукка Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин кол койду. Бул тууралуу, zakon.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

22.07.20

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында, Өзбекстанда өздөштүрүлгөн чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 4,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинде, тикелей чет өлкөдөн келген инвестициялар 3,2 миллиард долларды жана мамлекеттик кепилдиги менен алынган тышкы насыя 1,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстан Республикасынын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

20.07.20

Өзбекстандын Джизак автомобиль заводу “Volkswagen Caddy” маркасындагы тез жардам унааларын өндүрүп баштады. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.

21.07.20

Түркия тарабынан Кыргызстанга белекке берилген жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы билдирди.

15.07.20

Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 14-июль күнү өткөн брифингде, Өзбекстандан Кыргызстанга «Гепарин» дарысынын  30 миң даана кутусу алынып келе тургандыгын билдирди.

14.07.20

Казакстандын Айыл чарба министрлиги жылкы этин   Японияга экспорттоп баштамакчы. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги жазып чыкты.

14.07.20

Түркмөнстанда азыркы учурга чейин, жалпы наркы 37 миллиард доллардан ашык акча каражатына 2,5 миңге жакын объектирлер курулган. Бул тууралуу, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн кеңейтилген жыйынында маалымдаганын “Turkmenistan Today” маалымат агенттиги  билдирди.

15.07.20

Түркия Кыргызстанга коронавирус (Covid-19) илдети менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардамын жиберди. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы  билдирди.