06.12.23

Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркиянын вице-президенти, Экономикалык кызматташтык боюнча “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын Түркия тарапбынан төрагасы Жевдет Йылмазды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара инвестиция маселелери талкууланды.

07.12.23

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 6-декабрда Ашхабатта өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумунун алкагында, Түркмөнстан жаратылыш газын жана электр энергиясын дүйнөлүк рынокко чыгарууда, Түркия мамлекети көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттигинин Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.

06.12.23

Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Экспо борборунда 6-декабрда, Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Ачылыш аземине катышкандар, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолдогон куттуктоосун угушту.

01.12.23

Үстүбүздөгү 2023-жылдын ноябрь айынын аягына чейин, “Транс-Анадолу”  (TANAP) газ кууру аркылуу 55 миллиард куб метрге жакын көгүлтүр оту экспорттолду.

02.12.23

Азербайжандын борбору Баку шаарында, Өзбекстандын соода үйү ачылды. Ачылыш аземине “Узчармсаноат” бирикмесинин жана ага мүчө ишканалардын өкүлдөрү катышты.

01.12.23

Азербайжандын Карабах аймагында күндөн  энергия өндүрүү үчүн энергия панелдери даярдалды. Аны Түркиянын инженердик “Solitek” компаниясы өндүрүп чыгарган.

01.12.23

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, үстүбүздөгү жылдын 6-8-декабрында өтө турган экспорттук товарларга арналган жарманкесине,  Түркиянын түрдүү тармактарда иш алып барган 100 жакын  фирмаларынын катышуусу күтүлүүдө.

01.12.23

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров  28-ноябрь күнү Түрмөнстанга жасаган иш сапарынын учурунда, Азербайжан өнөр жай тармактарында, анын ичинде мунай-газ, мунай-химия жана химия тармактарында, Түркмөнстан менен кызматташуу келечектүү багыттар деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу “SNG.Today” порталы билдирди.

01.12.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунда кубаттуулугу 1500 мегаватты түзгөн заманбап комплекстүү электр станциясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

28.11.23

Бишкек шаарында 2023-жылдын 28-ноябрь күнү, биринчи “Кыргызстан-Венгрия” энергетикалык форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага, Венгрия жана Кыргызстандын негизги энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү катышты.