10.01.23

Өзбекстандын Навои облусунун Зарафшан шаарында шамал электр станциясын куруу долбоору PFI (Project Finance International) уюмунун тарабынан  Борбордук Азиядагы жылдын мыкты келишими деп табылды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10.01.23

Түркиялык ишкерлер Казакстандын дыйкандарына 1000 тонна сапаттуу пахта үрөнүн жеңилдетилген шартта берет. Мындай макулдашууга, Чымкент шаарында өткөн “Казакстанда пахтачылыкты өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу бизнес-форумунун жүрүшүндө жетишилди. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалыматы кызматы билдирди.

03.01.23

2022-жылы Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү беш эсеге өскөн. Бул рекорддук көрсөткүч деп билдирет “Trend” маалымат булагы.

05.01.23

Түркиянын Статистика институтунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында, Түркиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 30% пайызга өскөн.

07.01.23

Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын январь айынан ноябрь айына чейин 1 миллиард 860 миллион доллардан ашты.  Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9,7% пайызга көпттүк кылат.

01.06.23

Бишкекте Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын энергетика ведомстволорунун жетекчилери  6-январь күнү “Камбар-Ата ГЭС-1” биргелешип куруу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу “Liter.kz.” маалымат кызматы билдирди.

29.12.22

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинде 28-ноябрда өткөн жыйындын жыйынтыгында, жооптуу кызматкерлерге, Өзбекстан-Түркмөнстан чек ара соода аймагын ишке киргизүүнү тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

28.12.22

Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан автоунаа өнөр жайын бириктирүү  чечимине келишти. “Түрк автоунаа өнөр жайы” деп аталган жаңы бирикмени Өзбекстанга таандык “UzAuto Motors” компаниясы жетектейт. Аталган компания Казакстанда “Chevrolet Onix” маркасындагы автомобилдерин өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле кийинчерээк, Азербайжанда дагы Өзбекстанга таандык маркадагы автоунааларды өндүрүү  иштери башталмакчы.

26.12.22

Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Казакстан өзүнүн 411 миллион долларга бааланган  продукциясынын 80 жакын түрүн, Пакистандын базарларына экспорттоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

26.12.22

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри  Жамшид Ходжаев 24-декабрь күнү,  Бакуга болгон иш сапарынын алкагында, Азербайжандын Вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен жолугушту.