- Подробности
01.02.24
Кыргызстан “Транскаспий” эл аралык транспорт коридорун (Орто коридор) Кыргызстан менен Кытайдан Европа өлкөлөрүнө автомобиль жана темир жол транспорту үчүн колдонууну пландаштырууда.
- Подробности
29.01.24
Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын аягында 14,6% пайызга өсүп, 1 миллиард 232 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте иш сапары менен жүргөн Казакстандык кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.
- Подробности
25.01.24
Азербайжан жана Түркия “Орто коридорду” өнүктүрүү боюнча биргелешип жасай турган иш чаралар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу “Report” “Азербайжан темир жолу” ачык акционердик коомунун маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
- Подробности
27.01.24
Азербайжан жана Түркия “Транс-Анадолу” (TANAP) жаратылыш газ куурунун кеңейтилишин, Азербайжандан Түркияга жана Европага жаратылыш газын жеткирүүнүн учурдагы абалы жана узак мөөнөттүү перспективаларын, ошондой эле “Игдыр-Нахчыван” газ куурунун курулушуна жана аны ишке киргизүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
- Подробности
26.01.24
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Astana Motors” компаниясынын негиздөөчүсү Нурлан Смагулов менен жолугушуп, компанияны өнүктүрүү жана жаңы автомобиль заводун куруу пландарын талкуулады. Бул тууралуу, президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.01.24
Өзбекстан дүйнөлүк “Chevrolet” маркасындагы автоунааны сатуу рейтингинде, Америкадан кийинки экинчи орунду ээлеген. Бул тууралуу, “UzAuto Motors” басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
23.01.24
Анкарада 2024-жылдын 9-февралында, Кыргызстан жана Түркиянын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген “Кыргыз-Түрк” бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
23.01.24
2023-жылы “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу 27,3% пайызга өсүп, 42 миллиард долларга жеткен.
- Подробности
24.01.24
Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ 2023-жылдын 24-январь күнү боорду алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга үч айлык стажировкага жөнөп кетишти.
- Подробности
23.01.24
“Түрк мамлекеттеринин атаандаштык кеңеши” Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн атаандаштык органдарын чогултуу демилгеси менен түзүлгөн. Атаандаштык органы алгачкы 3 жылда Түркиянын атынан Кеңешке төрагалык кылат.