- Подробности
20.12.21.
17-декабрда Түркияда Анкарадагы кризистик кырдаалдар жана саясатты изилдөө борборунда (АНКАСАМ) Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношуна арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстаныдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.12.21
Алматы облусунун Капшагай шаарында помидор өстүрүүчү күнөскана комплекси ачылды. Күнөскананын аянты 4 гектар жер аянтын ээлейт. Аталган долбоорго 3,5 миллиард теңге өлчөмүндөгү инвестиция салынган. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
12.17.21
Татарстан Республикасынын жүк ташуучу унааларын чыгарган “КАМАЗ” автозаводу, Түркмөнстанга 2022-жылы сыноо үчүн электр менен жүрүүчү автобустарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Tatar-inform” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
12.17.21
Өзбекстандын 2021-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 356 триллион сум (33 миллиард доллар) акча каражатын түздү. Бул көрсөткүч жыл башына салыштырмалуу 13,3 пайызга (26,7 триллион сум же 2,4 миллиард доллар) жогорулаган. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берүү менен билдирди.
- Подробности
15.12.21
Ташкент шаарынын акиминин орун басары Сардор Абдуллаев жана Түркиялык “Мармара Групп” фондунун президенти Аккан Сувер баштаган түркиялык ишкерлер тобунун жолугушуусу 14-декабрь күнү Ташкент шаарында болуп өттү.
- Подробности
15.12.21
Ирандын Деңиз порттору жана деңиз уюмунун жетекчиси Али Акбар Сафаи, Иран Өзбекстандын “Чабахар” портун пайдалануусун колдой тургандыгын билдирди. Али Акбар Сафаи 14-декабрда болуп өткөн Иран, Индия жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу онлайн форматындагы жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу “Mehr” маалымат агенттиги кабарлады.
- Подробности
14.12.21
Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын 11 айында 5 миллиард 509,6 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,4% пайызга көп. Бул тууралуу “Авеста” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.12.21
Азербайжан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш жылда беш эсеге өсүп, жалпысынан 100 миллион долларга жетти.
- Подробности
13.12.21
Казакстандын Шымкент шаарында, эки өлкөнүн биргелешип курган эки ишкананын ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу, аталган шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.12.21
Тажикстандын Түркиядагы элчиси Ашраф Гулов жана Түркиянын Соода министри Мехмет Муш эки өлкөнүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларын Анкарадагы өткөн жолугушууда талкуулашты. Бул тууралуу “Авеста” маалымат агенттиги билдирди.