Өзбек-америкалык GM Uzbekistan биргелешкен ишканасы Chevrolet Captiva маркасын токтоткондугу  жөнүндө расмий жарыялады.

Chevrolet Captiva маркасын чыгарууну токтотуу General Motors корпорациясынын автомобиль моделдерин жаңылоо боюнча глобалдык стратегиялык планынын негизинде болгондугун билдиришти. Captiva моделинин өндүрүлүп келе жатканына 11 жылдын жүзү болгон, эми анын ордуна Tracker маркасы чыгарылат. Жаңы модел сатыка жакын аралыкта чыга баштайт.  GM Uzbekistan корпорациясы жылына 290 миң даана машина чыгарганга ылайыкташкан. Азыркы убакта компания тогуз унаа бренддерин өндүрөт: Damas, Labo, Matiz, Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti, Captiva, Malibu.