Тийиштүү келишимге 28-сентябрда Дели шаарында өткөн  индия-өзбек бизнес-форумунун  алкагында  жетишилген.

Өзбекстан менен Индиянын ортосундагы кызматашуунун келечектүү секторлоруна мисалы, медицина, уран жана маалыматттык-байланыш технологиялары, айыл-чарба,  минералдык ресурстарды казып алуу, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар,  дары-дармек өнөр-жайы, саламаттыктты сактоо, туризм  ошондой эле курулуш, жеткиликтүү  турак-жай тармактары болуп саналат.

Өзбекстан Индияга буурчак, бальзам, чийки жибек, металл, жер семирткичтерди жана башка товарларды экспорттойт. Индиядан алынып келинген негизги буюмдар дары-дармектер, түстүү металлдар, ар кандай технологиялык жабдуулар, унаалар үчүн запастык бөлүктөрү болуп саналат.

Өзбекстанда Индия капиталынын катыштыгы  менен курулган 145 компания бар. Алардын ичинен 21 даанасы толугу менен Индия тараптын капиталы менен курулган.  2017-жылга эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 323.6 млн долларды түздү.

2017-жылы Өзбекстанга  Индиядан жүз миңден ашуун турист келген. Бүгүнкү күндө туризмди өнүктүрүү үчүн Ташкенттен Мумбай жана Ченнаи шаарларына түз учуучу авиа каттамдарын уюштуруу иштери каралып жатат. Азыркы учурда Ташкент шаарынан Нью-Дели жана Амритсар шаарларына түз авиа каттамы бар.

https://www.trend.az/business/economy/2958235.html