Өзбекстан жана Индия программалык жана инновациялык технологиялык паркын курууну пландап жатышат.

“Индиянын технопарктарды өнүктүрүүдөгү чоң тажрыйбасын эске алып биздин өлкө Индиянын алдыңкы технопарктары менен иштешүүгө кызыктар, анын ичинде Индиянын Программалык Технология Парктар Коому (STPI)  менен биргелике программалык продуктулары жана каражаттарды иштеп чыгуу үчүн заманбап аянтчаларды куруу жана өнүктүрүү боюнча. Индиялык өнөктөштөргө алардын тажрыйбасына таянып Өзбекстанда Программалык жана Инновациялык Технопаркын куруу сунушталган”- деп билдирди маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлиги.

Индиянын Программалык Технологиялар Парктар Коому 1991-жылы программалык камсыздоонун экспортоо колдоо жана жайылтуу үчүн курулган. Бул коом продуктуларын экспортогон тараптарга укуктук жана башка кызматтарды аткарат. Чакан, кичи жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн аларга жагымдуу шарттарды түзүү менен бекемдөөгө жардам берет.

Мындын сырткары Өзбекстан электрондук тармагын өнүктүрүү жаатында да Индия менен кызматташууга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар.

Шавкат Мирзиеевдин расмий иш сапары алкагында Өзбекстандын электрондук тармакты өнүктүрүү борбору менен Индиянын информатика борбору ортосунда бул багытта биргелешкен иш чараларды өткөрүү боюнча келишим түзүлдү. Атап айтканда, тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлигинин бул жылдан тарта жаңы багытагы космостук технологияларды өнүктүрүү жана космос мейкиндигин тынчтык максатта колдонуу. Расмий иш сапарында Өзбекстан жана Индия арасында космос мейкиндигин тынчтык максатта  изилдөө жана колдонууда кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Бул келишимге ылайык Маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлиги Индиянын космос изилдөө уюму ISRO менен бул багытта биргелешкен иш жүргүзөт.

Индиянын космос изилдөө уюму ISRO – Индия космос изилдөө департаментинин алдындагы Улуттук Космос агенттиги. Анын штаб-квартирасы Бангалордо жайгашкан, болжол менен 20000дей кызматкери бар.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-i-indiia-planiruiut-sozdat-tekhnopark-programmnykh-i-innovatcionnykh-produktov/