Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-октябрдан тарта Франция жарандары үчүн визасыз режим киргизди, бул жөнүндө 5-октябрь күнү туризм боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Өзбекстан жана Франциянын ортосундагы маданий, илимий жана билим берүү тармактарында өз ара тажрыйба алмашуусуна, инвестициялык салымдардын климатын жакшыртууга жана  өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүгүүсүнө оң  таасирин берет. Ошондой эле эл аралык мамилелерди  өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Шавкат Мирзиёев 10-февралдан тарта Израиль, Индонезия, Түштүк Корея, Малайзия, Сингапур, Түркия жана Япония өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүү боюнча указга кол койгон, ошондой эле 39 өлкөнүн жарандарына туристтик виза алуунун жол-жоболорун жеңилдеткен, анын ичинде француз туристтери да бар эле. Өзбекстан тарабынан визасыз режим КМШ өлкөлөрү үчүн да киргизилген.

https://ru.sputniknews-uz.com/politics/20181006/9621589.html