Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 16-18 октябрда күндөрү Иранга сүйлөшүүлөр өткөрүү үчүн бара тургандыгын  аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Өзбекистан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Ирандын тышкы иштер министри Джавад Зариф менене шейшемби күнү Тегеранда 2018-2019-жылына карата министрликтер аралык өз ара кызматташууга ылайык программага кол коюшту.

Бул визиттин жүрүшүндө Иран президенти Хасан Рухани, вице-президент Сурен-Саттари, тышкы-иштер министри Джавад Зариф жана башка бийлик структурасында иштеген кызматкерлери  менен жолугушуулар  жана сүйлөшүүлөр өткөрүлө тургандыгы каралган.

Дагы баса белгилеп кетүүчү жагдай, Өзбекистандан келген делегация эки тараптуу өзбек-иран бизнес-форумуна катыша тургандыгы белгилүү болду.