17 Октябрь 2018

"Евроцемент груп" холдинги "Ахангаранцемент" акционердик коомуна тиешелүү аянтчасында (Ташкент облусу) цемент заводун кура баштады, долбоор $160 млн. долларга бааланган.

Шаршемби күнү биринчи капсула салуу аземи болуп өттү. Бул аземде "Евроцемент груп" холдингдин президенти Михаил Скороход  "Ахангаранцемент" негизинде түзүлгөн жана бул долбоордун алкагында кыйла масштабдуу демилге болгон жаңы имарат, курулуш материалдарынын кластеринин негизги бөлүгүн түзөт деп белгилеп өттү.

Ал жаңы ишкананын кубаттуулугу жылдык 3 млн тонна цементти түзөт деп билдирди. Азыктарын алгачкы тобу 2020-жылдын ортосунда чыгарылмакчы.

Жаңы ишкана азыктарды энергия үнөмдөөчү кургак жол менен өндүрмөкчү. Чыгарылган продукциялар өлкөнүн ГЭС, жол жана аэропорт, турак-жай жана кызматтык имараттардын курулушуна колдонула турган жогорку сапаттагы цемент чыгарылмакчы. Азыктарынын сапаты аймактагы имараттардын сейсмикалык туруктуулугу боюнча жогорку суроо талаптарын эске алат.

Кытай өнөр жай тобу CNBM курулуш иштерин аткарат.

“Өзбекстанда цемент чыгарган ишканалардын кубаттуулугу жана көлөмү боюнча экинчи болгон “Евроцемент груп" АК "Aхангарцемент" акциялык үлүштөрүнүн 75% пайызына ээлик кылат. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 1,9 млн тоннаны түзөт.

 

http://realty.interfax.ru/ru/news/articles/98108/