Өзбекистанда маданият министрлиги тарабынан маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фонду курулгандыгы тууралуу мамлекеттин ТИМнин “Жахон” маалыматтык агенттиги билдирет.

Курулган фонд маданият жана искусство тармактарынын өнүгүүсүнө салымын кошот, маданият кызматкерлерин жана алар жасаган проекттилерин колдойт, андан тышкары эл аралык жана улуттар аралык маданий байланыштарды кеңейтет жана чет мамлекеттер менен инвестиция жана гранттар боюнча иштешет.

Фонд Өзбекистандын искусствосунун дүйнөлүк көркөм жана маданий тармагы менен байланышына, маданият жана искусство тармагында иштеген кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын, жана өлкөнүн музей жана башка маданий курулуштаранын эффективдүүлүгүнүн чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен жакшыртууга салымын  кошот. Фонддун көмөгү менен жаңы маданий курулуштардын салынуусу, маданият министрлигинин курулуштарынын капиталдык оңдоо иштери каржыланат. Алардын материалдык жана техникалык базасы бекемделет. Өлкө башчысынын токтому менен бюджеттик эмес пенсионерлер фондунан тышкары, милдеттүү түрдө төлөнүүчү баардык салыктардан бошотулган.