Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-октябрда Турдакул суу сактагычында курулушу пландалып жаткан биринчи өзөктүк электр чордонуну (АЭС) боюнча Россия менен келишимди бекитти.

Беларустагы Островцеде курулуп жаткан АЭС сыяктуу эле, бул чордон Россиялык долбоор боюнча курулат. Анын наркы $ 11 млрд долларга бааланды. Орусиянын президенти Путин 18-19-октябрда иш сапары менен Өзбекстанга барат жана АЭС курулуш аянтынын ачылыш аземине катышуусу күтүлүүдө.

АЭС Турдакул суу сактагычынан 25 км аралыкта Бухаранын түндүк-чыгышында курулат. Эксперттер аянтча издеп жатканда,төмөнкү маанилүү шарттарга көңүл бөлдү:

  • суу менен камсыз кылуу,
  • инфраструктура системаларынын жакындыгы,
  • аянттын жер титирөө болбогон аймакта болуусу

АЭС тоолордон алыс жайгашкан, эң жакындагы Памир-Гиндикуш сейсмоактивдүү очоктон 700 км алыстыкта. Келечектеги станция ири өнөр-жай Бухара жана Самаркандга алыс эмес жерде жайгашкан.

Орусиянын "Росатом"ишканасы эки өзөктүк чордон комплексин курууну жана 2028-жылы биринчи чордонду ишке киргизүүнү пландаштырып жатат. План боюнча АЭСтин кубаттуулугу 2300 мегаватты түзөт жана Өзбекстан үчүн электр энергияга суроо-талаптын 20% пайызга чейин камтууга тийиш болот. Долбоор кымбат: Россия тарабынан $ 11 миллиард долларга баалангандыгы жогоруда да айтылды, ал эми өзбек бийлигинин эсеби боюнча, учурда электр энергиясын иштеп чыгарууга колдонулуп жаткан 4 млрд куб жаратылыш газын АЭС курулуусу менен үнөмдөп калууга болот.

Экологдор Өзбекстанда атом энергиясын пайдалануу тууралуу тынчсызданууларын билдиришти жана альтернативдүү күндүн энергиясынын колдонууну сунуш кылышууда. Өлкө субтропикада жайгашкан, ошон үчүн күн тактасын орнотуу үчүн зор аймактары бар. Бирок, жашыл технологиялардын кымбат болуусу коопсуз энергия долбоорун жок чыгарды.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, АЭС Казакстанда гана колдонулган. - 1973-1999 жылы Актауда 350 мегаватт кубаттуулугу менен тез нейтрон реактору иштеген. Азыр Казакстанда атомдук электр чордон жок, бирок Астана жана Москва бери дегенде, эки өзөктүк электр каскадын куруу боюнча макулдашышты, бири Балхаш көлүнүн жээгинде Алма-Ата районунда жана Чыгыш-Казакстан облусундагы Үлкенде.