Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарынын компаниялары шейшемби күнү Ташкенттеги жылдык бизнес-форумда 2,5 млрд долларлык 13 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Америка-Өзбекстан Соода палатасынын башчысы Керолин Лемм билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы эки өлкө 9.35 миллиард доллар өлчөмүндөгү макулдашууга кол коюшкан. “Air Products" жана "Өзбекмунайгаз" $ 2 млрд. өлчөмүндө газды кайра иштетүү, анын ичинде өнөр-жай газдарын өндүрүү тармагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Silver Leaf  жана BMP Trade  компаниялары Джизак облусунун аймагында 31 мин гектар аянтка $ 350 млн.долларга текстил кластерин түзүү жөнүндө макулдашышты.

CETS компаниясы жана айыл чарба министрлиги Өзбекстанда жогорку сапаттагы картошканын үрөнүн өндүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу боюнча кызматташтык протоколуна кол коюшту. Жогорудагы келишимдерден тышкары, газды кайра иштетүү, айыл чарба жабдууларын чыгаруу, Кока-Коланын компаниясынын мамлекеттик үлүшүн сатуу, банкнотторду чыгаруу тармактарындагы макулдашуулар, бизнес-форумунун натыйжаларынан болуп калды.

https://www.gazeta.uz/ru/2018/10/23/uz-us/