2018-жылдын 26-октябрында, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев чет өлкөдө жашаган мекендештер менен кызматташуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитти.

Документ, 26-октябрда расмий басмада жарыяланган. Мекендештерине узак жана кыска мөөнөтүү жашап туруу үчүн  кириш визаларын алууну  жана ошондой эле республиканын аймагында иштөө үчүн уруксат алуунун эрежелери жөнөкөйлөштүрүлдү. Мындан тышкары, жогорку квалификациялуу адистер Өзбекстанда жумуш менен камсыз кылынат.Мекендештердин ишкердик, иновациялык жана илимий-изилдөө долбоорлорунун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелерге тиешелүү жер участкалары колдонууга берилет.Концепция, чет өлкөдөгү мекенденштердин Өзбекстандын жогорку окуу жайларында өзбек тили жана адабияты, тарых, кино, маданият, театр, көркөм өнөр, телекөрсөтүү жана радио багыттарында билим алуусу үчүн гранттардын бөлүнүп берилүүсү каралат.

http://kabar.kg/news/prezident-uzbekistana-uprostil-poluchenie-grazhdanstva-dlia-sootechestvennikov-iz-za-rubezha/