11.19.18.

Ташкент

2019-жылы сентябрда айында Түштүк Кореянын Hyundai Өзбекстандын Наманган облусунда соода транспорт каражаттарын өндүрүү боюнча заводду иштетип баштайт деп РИА Новости агентиги дүйшөмбү күнү билдирди.

            Башкармалыктын маалыматты боюнча, өткөн дем алыш күнү Наманган облусунун Туракурган районунда “Hyundai-Наманган KD” ишканасынын биринчи таш коюу аземи болуп өттү.

            "Ишкана биринчи продукциясын 2019-жылы сентябрда чыгаруусу күтүлүүдө", - деп башкармалык кызматкери билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта 2500 чейин чыгарылса, акырындык менен 400гө чейин жүк ташуучу унаа, микроавтобус жана автобустарды чыгаруусу пландаштырылууда. 2017-жылы ноябрь айында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын алкагында, Өзбекстандын Hyundai унааларынын сериялык өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюулган эле. Өлкөнүн инвестиция боюнча мамлекеттик комитети жана КМШдагы KIA жана Hyundai компаниясынын расмий жеткирүүчүсү болуп саналган Evergreen Motors компаниясынын ортосунда документке кол коюлган. Болжол менен өндүрүшкө болгон салымдардын көлөмү 200 миллион долларды түзөт.

https://ria.ru/world/20181119/1533051234.html