Тажикстандын жарандарынын кошуна Өзбекстанга март айынын экинчи жарымынан кийин, кирип чыгуусу көбөйгөн. Себеби,  Дүйшөмбү жана Ташкент 30 күндүн ичинде эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз кирип чыгуу тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин болду.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, аяктап бара жаткан жылдын март-сентябрь айларында, болжол менен 1 млн 165 миң Тажикстан жарандары Өзбекстанга киришкен. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскер кызматынын маалымат булагы билдиргени боюнча, ошол эле мезгилде, Тажикстанга 1 миллион 253 миң Өзбекстан жарандары кирип чыгышкан.

Өзбекстан мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, май-сентябрда айларында, 2018-жылы Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 4666.5 миң адамды, тагыраак айтканда өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге көп болгон.

Өзбекстанга чет өлкөлүк жарандардын агымы  боюнча Казакстан алдыда турат. Бул келген чет өлкөлүк жарандардын жалпы санынын 40,2% пайзын түзөт. Андан тышкары, Тажикстандан келгендер 24,8%, Кыргызстандан 16,7%, Россиядан 7,4% түзгөн.

Өзбекстанга келген алыскы чет өлкөлөрдүн ичинде Түркия биринчиликте турат 1,1%, андан кийин Кытай 0,6%, Түштүк Корея 0,5%, Индия, Германия, Жапония 0,3% пайыздан.

2018-жылдын май жана сентябрь арасындагы мезгилде өлкөдөн сыртка чыккан Өзбекстан Республикасынын жарандарын саны 10812 кишини түзгөн, тагыраак айтканда өткөн жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге көп болгон.

Отчеттук жыл мезгил ичинде Өзбекстан жарандары, негизинен Казакстанга 53,4%, Кыргызстанга 22,2%, Тажикстанга 11,6%, Россияга 8,2%. барышкан. Алыскы чет өлкөлөргө болсо, айрыкча, Түркияга 1,3%, Түштүк Кореяга 0,6%, Бириккен Араб Эмираттарына 0,3%, Кытай, Сауд Арабиясы жана Индия 0,2% пайыздан Өзбекстан жарандары барышкан.

 

https://news.tj/ru/news/tajikistan/20181119/261216