11.22.18.

Брюссель.

Брюсселге иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, 21-ноябрда эл аралык кызматташуу жана өнүгүү маселелери боюнча ЕБ комиссары Невен Мимица менен жолукту.

Ошол эле күнү, өзбек өкүлдөрүнүн иш сапары учурунда, ЕБнын "Мал секторун өнүктүрүү", "Аймактарда сот органдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу" долбоорлоруну каржылоо боюнча жалпы бюджети 25 млн. евро турган макулдашууга кол коюлду.

Тараптар, Өзбекстан жана ЕБ ортосунда көп пландуу кызматташууну, анын ичинде "ЕБ - Борбор Азия" форматында мындан аркы өнүктүрүү боюнча практикалык багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтык боюнча  жемиштүү  сүйлөшүүлөр болду.

http://ca-news.org/news:1482202