CA-NEWS (UZ)- “Узбекистон хаво йуллари” улуттук авиакомпаниясы төрт даана классикалык түрдө модификацияланган Airbus A320 учагынан жана Airbus A320 Neo учагынан ижарага алганы жатат.

Бул максатта, Улуттук авиакомпания он ири эл аралык лизингдик компанияларга коммерциялык сунуштарды кылган.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда бул учактар тар борттуу жүргүнчү ташуучу реактивдүү учактардын жакшыртылгын түрү. Салыштырмалуу ыңгайлуу (150-200 орундуу), жаңыртылган учак, сарамжалдуу кыймылдаткычтарынын жана заманбап конструкцияланган борттун эсебинен күйүүчү майын кыйла сарамжалдоого болот.

Ижара боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи жолугушуусу классикалык Airbus A321 учактарын сунуш кылган компаниянын өкүлдөрү  менен болуп өттү.

Жакынкы убакта аба кемелерин ижарага берүүчү башка компаниялар менен да суйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалып жатат. Заманбап сарамжалдуу учактар 2018-жылкы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбекстанга эң жакшы шарттарды сунуш кылган компаниядан сатылып алынат.