11.28.18.

Сингапурдун  Universal Success Enterprises компаниясы $ 2,5 млрд. долларга Ташкент облусунда "акылдуу шаар" курууну пландаштырууда.

Шаарды куруу боюнча меморандумга Сингапурдун Universal Success Enterprises компаниясы жана мамлекеттик инвестициялык  комитети 21-ноябрда Ташкент шаарында биринчи эл аралык инвестициялык форумдун алкагында кол коюшту.

Долбоор 2021-жылдын акырына карата $ 2,5 млрд. чет элдик түз каражаттарды тартуу менен аяктайт деп күтүлүүдө. Universal Success Enterprises "акылдуу" жана  өнөр жай шаарларын курууда зор тажрыйбага ээ экендиги билдирилди. Атап айтканда, Сингапурдук компания тарабынан 152 гектар аянтка Kolkata West International City шаарчасы жана Индияда 400 гектар жерге Dholera деп аталган, атайын  инвестициялык  регионун куруулушун  ишке ашырган.

https://news.tj/ru/news/centralasia/20181128/singapur-planiruet-postroit-pod-tashkentom-umnii-gorod-za-25-milliardov