СА-News (UZ) – Өзбекстан жана Кытай, Улуу Жибек Жолу жөнүндө тарыхый көркөм тасма тартууну баштап жатканын, Өзбекстан маалымат каражаттары билдирүүдө.

Бул  ойдун авторлорунун айтуусуна караганда, сценарий макулдашылгандан кийин, артисттерди тандоо башталат. Тасманы тартуу  Кытай тараптын “Бир жол-бир келечек” аттуу демилгесинин алкагында эки өлкөнүн атактуу актерлорунун катышуусунда тартылат.