03.12.18

Өзбекстан Республикасынын  Премьер-министри Абдулла Арипов өткөн эки айдын ичинде экинчи ирет  Түркиядан келген бизнесмендер менен  алардын көйгөйлөрүн чечүү  максатында жолугушту.

Өзбекстандын өкмөт башчысы түрк ишкерлери менен көзмө-көз жолугуп, алардын маселелерин укту.

Ташкенттеги Туркиянын элчиси Ахмет Башар Шен жана Өзбек-түрк ишкерлер Ассоцияциясы башчысы Эржан Булут катышкан бул иш-чарага Саламаттыкты сактоо министри Алишир Шадманов, Юстиция министри Руслан Давлетов жана башка Өзбекстандын  өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү дагы  катышышты.

Өткөн айдагы жолугушууда да Абдулла Арипов түрк ишкерлеринин маселелри менен өзү алек болгон жана катышуучулар бул иш-чаранын пайдалуу болгондугун жана ыраазы экенин айтышкан. Алгачкы ирет жолугушканда Арипов, эгер түрк ишкерлери үчүн пайдалуу болуп жаткан болсо, дайыма уюштурууга даяр экенин белгилеген.

. http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-ba-bakan-aripov-turk-i-adamlar-yla-bir-araya-geldi/