Өзбек автомобилдик транспорт агенствосу жаңы эл аралык Ташкент-Хожент-Кокон автомобилдик каттамдарын жүргүзүүгө даярданууда, бул жөнүндө “Правда Востока” гезити билдирди.

Бул каттам 1999-жылга чейин иштеп келген, бирок техникалык себептерден улам токтотулган эле. 4-декабрда бул маршрут менен алгачкы техникалык сапар башталган.

“Фергана өрөөнү менен Ташкент, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги башка шаарлардын ортосундагы автобусттук түз каттамдарга болгон муктаждык көп жылдардан бери бар. Бирок мындай ташуулар Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен гана өтө алат. Mironshox Grand Trans жеке фирмасы менен келишим түзүлгөн. Бул фирма Yutong ыңгайлуу автобусстары менен жогорудагы маршрут боюнча каттамдарды жасайт”,- деди Өзбек агенствосунун жол ташууларын көзөмөлдөө жана координация башкармалыгынын башчысы Аброр Исаев.

Автобусттук каттамдын узундугу 346 километрди түзөт. Ал эми болжолдуу убактысы Өзбекстан тараптан “Ойбек” жана “Андархон” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктары жана Тажикстан тараптан "Фотехобод" жана "Патар" көзөмөдөө-өткөрүү пунктары сыяктуу мамлекеттик чек аралардан өткөндөгү убактысын кошуп эсептегенде 11 саат 35 мүнөттү түзөт. “Жашыл коридор” аркылуу 30 мүнөт болот. Эскерте кетсек Тажикстандан тышкары Өзбекстан да коңшу өлкөлөр Казахстан, Кыргызстан жана Россия менен автобусттук каттамдарды түзүүдө.

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/uzbekistan-zapuskaet-avtobusn/