10.11.18.

Өзбекстан жакынкы жылдары жалпысынан 45 миллион куб метр кубаттуулугундагы жети ири суу сактагычын курууну пландоодо.

“Суу сактагыч түйүндөрүн кеңейтүү менен кайрак жерлерди иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул үчүн жалпысынан 45 миллион куб метр кубаттуулугунда Ташкент облусунда "Паркентсой", "Кизилсой" жана "Тоштепа", Жызак облусунун Фариш районунда "Караман", Кашкадарья облусунда "Гулдара" жана "Аякчисой", жана Самарканд облусунда "Булунгур" суу сактагычтары курулат”,- деди Шавкат Мирзиеёв, Өзбекстандын айыл-чарба жумушчуларын куттуктоо сөзүндө.

Анын айтымында кийинки жылы сугат жерлеринин абалын жакшыртууга мамлекеттик казынадан 1,7 триллион сум өлчөмүндө каражат бөлүнөт, ошондой эле 84 миллион доллар эл аралык каржы институттарынан бөлүнөт.

“Кийинки эки жылда 1 миллион 200 миң гектарлык жерде туруктуу сугат иштери жүргүзүлөт, бул жылына 1 млрд. 700 млн. куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт жана 600 миң гектар жердин асылдуулугун арттырат.  

Эскерте кетсек жакынкы күндөрү Өзбекстан экотуризм үчүн 18 суу сактагычын ачты.

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/uzbekistan-planiruet-235/