13.12.18

Дүйнөдөгү алдынкы пахта өндүрүүчү жана экспорттоочунун бири болгон Өзбекстанда пахта өндүрүшү бул жылы 21,5 пайызга төмөндөгөн.

Өзбекстандын Министрлер Кабинетинин айтымы боюнча, бул жылы 2,3 миллион тонна пахта, өткөн жылга салыштырмалуу 21,5 пайызга аз өндүрүлгөн.

Бидирүүдө, пахта өндүрүшүнүн төмөндөөсүнүн себептерине, аз түшүм алынган пахта өстүрүүчү жерлердин азайтылышы, ошондой эле аба ырайынын татаал шарттарынын таасири болгондугун билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы өлкөдө 2 млн 900 миң тонна пахта өндүрүлгөн.

Пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы, ал эми экспортоодо болсо, бешинчи орунда болгон Өзбекстанда, акыркы жылдары жылдык орточо 3 миллион тонна пахта өндүрүлсө, анын 60 пайызы сыртка экспорттолот.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistanda-pamuk-uretimi-geriledi/