12.17.18.

Өзбекстандык ишчилер Россиядан акча которуулар боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлейт. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын маалыматында билдирилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын биринчи үч  чейрегинде Россиядан башка өлкөлөргө $ 9 млрд 800 миллион доллар которулган. Алардын ичинен болжол менен $ 3 млрд 50 млн доллар Өзбекстандын үлүшүнө туура келет.

Ошол эле учурда, Тажикстанга 1 миллиард 900 миллион доллар, Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион жана Казакстанга $ 500 млн. доллар жиберилген.

Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматында 2018-жылдын биринчи жарымында четтен келген $ 2 миллиард 300 миллион көлөмүндөгү каражаттын  көбү Россияга туура келсе, калганы Түркия, Казакстан, Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореядан жиберилген деп билдирген эле.

http://ca-news.org/news:1486469