21.12.18.

Өзбекстанда туризм тармагын өнүктүрүү максатында жасалган иш чаралардын негизинде, акыркы 11 айдын ичинде өлкөгө келген туристердин саны эки эсеге артып 4.9 миллионго жеткен.

Бул тууралуу, 21-декабрда болуп өткөн жыйында, Өзбекстандын туризди өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Улукбек Касымхожаев билдирген. Анын айтымында акыркы мезгилдерде туризмди өнүктүрүү үчүн отузга жакын жаңы мыйзамдар кабыл алынгандыгын белгилеп өттү.  Акыркы бир жыл ичинде Туркия андан тышкары дагы сегиз мамлекет ичинде болгон бир катар өлкөлөргө, визасыз кирүү макамы берилген. Дагы он эки өлкөгө визасыз кирүү боюнча маселе каралып жаткандыгын билдирди. Мына ушундай көрүлгөн чаралардын негизинде, өлкөгө келген туристердин саны эки эсеге өсүп 4.9 миллионго жеткен.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistanda-ulkeye-gelen-turist-say-s-4-9-milyona-ula-t/