Өзбекстандын Орто Азия өлкөлөрү менен жылуу коңшулук мамилелеринин  артышы, сырткы соода жүргүртүүсүн 50 пайызга чейин көбөйткөн.

Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер минстиринин орун басары  Илхам Нематов басма сөз жыйында билдирген. Ошондой эле ал, акыркы мезгилдерде коңшу өлкөлөр менен ачык жана конструктивдүү саясий алака жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.  Анын айтымында, Орто Азия чөлкөмүнө тиешелүү болгон бир нече маселелер акырындап чечилүүдө. Мисалы, тараптардын ортосундагы тең укуктуулук, бири биринин чечимдерин сыйлоо, мындан тышкары орток маселелеринин бири болгон суу ресурстары, чек араларды тактоо, чек арадан өтүү, чек ара соода жүгүртүү проблемалары бүгүнкү күнү чечилгендигин белгиледи.  

Президентибиз Шевкат Мирзиёвдин коңшу өлкөлөргө болгон ачык жана достук саясатынын негизинде Орто Азия мамлекеттери менен бекем достук мамилелер кыска убакыттын ичинде орногондугун  жана дагы күчтөнгөндүгүн белгилеген  Илхам Нематов: “Коңшулаш өлкөлөр менен достук мамилелердин өнүгүшү менен Өбекстандын Орто Азия мамлекеттери менен болгон соода жүгүртүүсү бул жылы 50 пайызга  өстү”- деп билдирди.

Ошондой эле 2018-жылы Өзбекстан Россия, Беларусия, АКШ, Кытай, Түркия, Египет, Франция өлкөлөрү менен стратегиялык алаканы бекемдеп, өз ара кызматташтык жаңы баскычка чыккандыгын белгиледи.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-n-orta-asya-ulkeleriyle-ticaret-hacmi-artt/