08.01.19.

Өзбекстанда туризм тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамга, президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жаңы мыйзамага ылайык, Евро биримдик ичинде болгон 45 өлкөнүн жарандары 30 күндүк визасыз жүрүү укугуна ээ болушат. Ал эми 76 өлкөнүн жарандары электрондук визанын жардамы жеңилдетилген электрондук виза алуу укугуна ээ болушат.

1 февралдан баштап күчүнө кирүүчү бул мыйзамдын негизинде, Өзбекстанда визасыз жүрүү укугуна ээ болгон өлкөлөрдүн саны 64 жетмекчи. Ошондой эле мыйзамага ылайык 109 өлкөнүн, анын ичинде Туркия жарандары дагы кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк алат.

Законго ылайык, туруктуу жашоо үчүн Ташкент шаарында 400 миң долларга, Самарканд, Бухара, Наманган, Андижан, Фергана жана  Хорезмде 200 миң доллардан. Ал эми башка чакан шаарлардан болсо, 100 миң доллардан кем эмес суммага кыймылсыз мүлк сатып алуулары керек.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistandan-45-ulkenin-vatanda-na-vize-muafiyeti/