Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-13 январда Самаркандда тышкы иштер министрлеринин  "Индия - Борбор Азия" диалогу аттуу алгачкы жыйынына, Ооганстан Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин катышуусу  күтүлүүдө.

Ошондой эле иш-чарага Индиянын тышкы иштер министри (Сушма Сварадж), Кыргызстандан Чыңгыз Айдарбеков, Тажикстан Сироджиддин Мухриддин, Түркмөнстан Рашид Мередов, Өзбекстан Абдулазиз Камилов тышкы иштер министрлери жана Казахстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтар Тлеуберди катышат.

Тараптар өз ара соода, транспорт жана логистика, инвестиция тартуу, өсүүгө өбөлгө болчу кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашат. Ошондой эле алар негизги тармактар боюнча жаңы ыкмалар жана технологиялардын өнөр жай, энергетика, маалымат технологиялар, дары-дармек каражаттары, айыл чарбада колдонулушун жана маданият, илим-билим берүү, туризм тармагында кызматташууну сүйлөшүшөт.

http://www.infoshos.ru/ru/?idn=20334