25.01.19.

2018-жылы Өзбекстандын жалпы (алтын жана валюталык резерви) резерви 995,5 млн. долларга азайып, 27 млдр. 81.4. млн. долларды түзгөн.

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын өлкөнүн жалпы резерви тууралуу берген маалыматында белгилүү болду.

2018-жылдын 1-январында өкөнүн жалпы алтын валюталык резерви, 28 млрд. 76,9 млн. долларды түзүп, жыл аягында 995,5 млн. долларга азайып, 27 млдр. 81.4. млн. долларды түзгөн.  

Билдирүүдө, 2018-жылдын 1-январында 14 млдр. 34 млн. долларды түзгөн алтын резерви, өткөн жылдын ичинде, 606,6 млн. долларга  көбөйүп 14 млрд.  640,7 млн.долларга жеткендиги кабарланды. Ушул эле убакыт аралыгында, 14 млрд. 42,8 млн. долларды түзгөн валюталык резерв, 1 млрд. 602 млн. долларга төмөндөп, 12 млрд. 440,7 миллион долларды түзгөн.  

Ошондой эле Мамлекеттик статистикалык комитетинин берген маалыматында жылына 90 тонна алтын өндүргөн Өзбекстан дүйнөдөгү алтынды эң көп өндүргөн он өлкөнүн катарында турат. Өткөн жылы алтынды сыртка сатуудан Өзбекстан 2 млрд. 909 млн. доллар  киреше тапкан.

 

https://www.timeturk.com/ozbekistan-in-toplam-rezervleri-2018-de-azaldi/haber-1029370