22.01.19.

2018-жылы Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 39,9 пайызга өсүү менен 2 млрд. 171,8 млн. долларды түздү деп билдирди Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети.

Комитеттин маалыматына ылайык, өтөн жылы өлкөнүн соода жүгүртүүсү мурунку жылга салыштырмалуу 27,3 пайызга өскөн б.а 33 млрд. 815,3 млн. долларды түзгөн.

2018-жылы Өзбекстандын экспортунун көлөмү 13,6 пайызга өсүп 14 млрд 257,9 млн. долларды түздү, ал эми импорту болсо 39,6 пайызга өсүү менен 19 млрд. 557,4 млн. долларды түздү. 2018-жылдын тышкы соода дефицити 5 млрд. 299,5 млн. долларды түздү.

Өткөн жылы Өзбекстандын эң ири соода өнөктөшү Кытай болду. Эки өлкө ортосундагы соода алмашуу 6 млрд. 427,8 млн. долларга жетти. Бул өлкөнүн  жалпы тышкы соода көлөмүнүн 19 пайызын түзөт.

Өзбекстандын Кытайга товар экспорту 2 млрд. 869 млн. ал эми импорту 3 млрд. 558,9 млн. долларды түздү.

Экинчи орунду 16,9 пайыз менен Россия ээледи. Жалпысынан 5 млрд 530,6 млн.долларды түздү, анын ичинен 2 млрд. 193,1 млн. доллары экспортту, 3 млрд. 537,6 млн. доллары импортту түздү.

Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Түркия жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылы 39,9 пайызга өсүү менен 2 млрд. 171.8 млн. долларды түздү. Өзбекстандын Түркияга экспорту бул мөөнөттө 936,2 млн.долларды түзгөн болсо импорту 1 млрд. 235,6 млн. долларды түзгөн.

https://www.timeturk.com/turkiye-2018-de-ozbekistan-in-dorduncu-en-buyuk-ticari-ortagi-oldu/haber-1028225