Өзбекистандын президенти Туркияга иш-сапары менен барууну пландоодо. CA-NEWS (UZ) – Өзбекистандын президенти Шавкат Мирзиёев официалдуу иш-сапары менен Туркияга барууну көздөп жатат.

Алдыда боло турган визит туурасында, Өзбекистандын жаңы элчиси Алишер Агзамходжаевдин Туркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга ишеним грамотасын тапшыруу аземинде талкууланган деп билдирет trend.az. Өзбекистандын тышкы иштер минстирлигинин билдиришинче, Туркия өлкө башчысы алдыда боло турган Шавкат Мирзиёевдин иш сапары өзбек жана түрк саясий диалогунун өнүгүшүнө, соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык жана башка тармактардын өнүгүшүнө жаңы дем-күч берет эсептейт. Реджеп Тайип Эрдоган Өзбекистан Туркиянын Борбор Азияда жана дүйнөдөгү эң негизги өнөктөшү болгондугун. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди ар тараптан жаңы сапатуу деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин баса белгилеген. Мындан тышкары 2016 жылы Самарканд шаарында эки тараптуу жолугушуудан кийин, өзбек түрк мамилелеринде динамикалык өсүштөр байкалгандыгын баса белгиленген.