06.02.19.

2018-жылы Россиянын эң ири газ өндүрүүчүсү Лукойл Өзбекстанда 2017-жылга салыштырмалуу 67 пайызга көп газ өндүрдү.

Кандым жана Гиссар долбоорлору аркылуу жаңы обьекттерди ишке киргизүү менен 2018-жылы газ өндүрүү 2017-жылга караганда 13,4 млрд.куб метрге б.а. 67 пайызга өстү.

Компаниянын билдирүүсүнө ылайык 2018-жылы Лукойл 33,5 млрд. куб метр газ өндүргөн. Бул  өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайызга көп. Газ өндүрүүнүн өсүшүнүн негизги себеби Өзбекстандагы долбоорлордун өнүгүүсү.

2020-жылга карата компания Өзбекстандагы газ өндүрүүнү 18 млрд. куб метрге жеткирүүнү пландап жатат. “Ал убакытка чейин компаниянын Өзбекстандагы инвестициясы 8 млрд. долларга жетет”,- деп билдирилди.

Бухара облусунда Лукойл тарабынан 3 млрд. 400 млн. долларга курулган Кандым газ иштетүү комплекси 2018-жылдын 19-апрелинде иштетүүгө берилген.

https://ru.haberler.com/russian-news-1296947/