13.02.19.

Бишкек

Өзбекстан дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчү катары, 2025-жылга карата өзүндө өстүргөн пахтаны иштетип, кездемеге айлантып экспорттун көлөмүн 7 млрд. долларга чыгарууну пландоодо.

Призидент Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү тигүү жана текстил тармагын өнүктүрүүгө багыталган указга кол койду. Буйрука ылайык, 2019-2025-жылдар аралыгында текстил тармагын өнүктүрүү үчүн, өстүрүлгөн пахтанын дээрлик баардыгын мамлекет ичиндеги фабрикаларда кайра иштетүү жолу менен экспорттун көлөмүн 7 млрд. долларга жеткирүү каралган.

Бул максатта, 1-апрелден баштап 2019-2025-жылдар аралыгында өндүрүгөн текстиль товарларынын 80 пайызын экспортко чыгарган иш-каналардын, буга чейин алган кредитинин бир бөлүгүн Мамлекеттик колдоо фонду тарабынан төлөнүп берилмекчи.

Өзбекстан 2018-жылы сыртка 1.5 млрд. доллар өлчөмүндө текстил товарын экспортогон. Ал эми, 2019-жылы анын көлөмүн 1.9 млрд. долларга чыгарууну көздөп жатат.

Дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча алтынчы орунда ал эми, пахтаны экспортоодо бешинчи катарда турган Өзбекстан, жылда 3 млн. тонна пахта өндүрүп анын 60 пайызын экспортко чыгарат.

http://kabar.kg/tur/news/ozbekistan-2025te-7-milyar-dolarl-k-tekstil-urunleri-ihrac-edecek/