02.20.19.

Өзбекстан ишке жарамдуу калкынын саны тездик менен өсүп жаткан өлкө болуп саналат. Мындай мүмкүнчүлүк экономиканы андан ары өнүктүрүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бул билдирүү, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык каржы корпорация эксперттери тарабынан «Өзбекстанда рыноктортун түзүлүшү. Туруктуулуктан атаандаштыкка» аттуу жаңы докладында жасалган. Доклад, 2016-жылы өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын саны 23 миллионго жеткендигин, бирок алардын ичинен болгону 13 миллион адамдын жумушу бар экенин белгилейт. Докладка ылайык, Өзбекстандын эмгекке жарамдуу калкынын саны 2030-жылга чейин дагы 4 млн. кишиге көбөйүшү мүмкүн: "Бул, Өзбекстан жумушчу күчүнүн өсүшү жагынан Европа жана Борбордук Азияда (Россия, Түркия, Украина жана Польшадан кийин) бешинчи орунга ээ болгонуна себеп болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык каржы корпорация эксперттери, ошондой эле Өзбекстанда негизги жумуш ордуларынын үлүшү  айыл чарба тармагына туура келет деп белгиленет.

http://ca-news.org/news:1496811