27.02.19.

Өзбекстан 2020-2024-жылдары алтындын запасы 474 тоннага жана урандын запасы 32 миң тоннага көбөйө турганын божомолдоодо. Бул 18,7 миллиард долларга барабар.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 2020-2024-жылдарга  карата иштелип чыккан, Өзбекстан геологиялык өнөр жайын өнүктүрүү боюнча долбоорунда белгиленгендей. Тоо-кен чалгындоо иштерин жогорулатуу жолу менен алтындын жана урандын запасы көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Документте айтылгандай 2019-жылы алтындын запасы 89,7 тоннага, ал эми урандын запасы 6200 тоннага көбөйөт. Ошондой эле документ 2020-2024-жылдары жаңы алтын кендерин издөө жана баалоо иштерине, 230 миллион доллар өлчөмүндө акча каражатын бөлүү дагы каралган. Бул каражаттын ичинен, уран кендерин издөөгө 59 миллион доллар бөлүнмөкчү.

2017-жылдын жыйынтыгында Өзбекстанда, алтын өндүрүүнүн көлөмү 89,9 тонна болгон. Расмий булактар өлкөнүн учурдагы алтын запасы болжол менен 6 миң тонна деп билдирүүдө. Урандын запасы 97 миң тоннаны түзөт. Урандын жылдык өндүрүүсү 3600 тоннаны түзөт.

https://ca-news.org/news:1497941