02.03.19.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Өзбекстан 2022-жылга чейин  бизнес жүргүзүүдө ыңгайлуу болгон  20 өлкөнүн  катарынан орун алмакчы.

Бүткүл дүйнөлүк банктын  отчетунда  өлкөнүн позициясын 2022-жылга чейин жогорулатууну каалаган өкмөт, буга карата "Жол картасы" жана "Бизнес жүргүзүү -2022" аттуу жаңы программаларды кабыл алды.  

Президент Шевкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган "Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык каржы мекемесинин, жылдык отчетунда, Өзбекстандын абалын жакшыртууга багытталган кошумча чаралар" деп аталган жарлыгына ылайык, Өзбекстандын 2022-жылга чейин дүйнөлүк банктын бизнес алып баруу боюнча отчетунда, алгачкы  20 өлкөнүн арасында болушу күтүлүүдө.

Жарлыкка ылайык, акыркы 5 жыл аралыгында Бүткүл дүйнөлүк банк отчетунда жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында бизнести алып барууда Өзбекстандын шарттары жакшырды  жана 146 ордундан 76 ордунга жогорулады, бирок дагы эле курулушка  уруксат алууда, менчик жана тышкы соода ишин каттоодо ашыкча бюрократиялык жол-жоболор бар.

Жарлыка карата "Бизнес жүргүзүү" Дүйнөлүк банктын жылдык отчету
мындан ары дагы Өзбекстан менен абалды жакшыртуу үчүн жаңы "Жол картасын" кабыл алынган жана "Бизнес жүргүзүү-2022" максаттары аныкталган, өлкө бул иштин алкагында иш-чараларды жүргүзөт.

2019-жылдын 1 мартынан баштап, компанияларды ачуу жана банктык эсептерди каттоо, курулушка уруксат берүү, электр энергиясын иш жерлерине  туташтыруу, менчик жана тышкы соода ишин каттоо иштери дагы жөнөкөйлөштүрүлөт.

Президенттин долбоорлорду  башкаруу боюнча улуттук агенттиги, бул максаттарды ишке ашыруу үчүн өкмөт тарабынан белгиленген иш-чараларды жүргүзүшмөкчү.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/7256/ozbekistan-is-yapma-kolayliginda-ilk-20-ulke-arasina-girmeyi-hedefliyor.html