12.03.19.

Орус мунай компаниясы "Лукойл" Өзбекстанда жаратылыш газ өндүрүүнү   жылдык пайызын 66,7  көбөйтүү менен жылына 13.42 миллиард куб метрге чейин жеткирүүнү пландоодо.

Лукойл компаниясы Өзбекстанда жаратылыш газына геологиялык чалгындоо жана өндүрүү менен алектенген компания. 2017-жылы Өзбекстанда 8.05 миллиард куб метр жаратылыш газын өндүргөндүгүн билдирген.

Жаратылыш газынын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү, компания тарабынан газды кайра иштетүүчү жаңы ишканалардын куруусу менен байланыштуу.

Компаниянын жетекчилиги тарабынан мурда жасаган билдирүүсүнө караганда, 2020-жылы Лукойл Өзбекстанда газ өндүрүшүн 16 миллиард куб метрге көбөйтө турганы айтылды. 

Өткөн жылы 8 миллиард куб метр кубаттуулугу газ иштетүүчү завод иштеп баштады, бул Лукойл компаниясынын Өзбекстанда чоң салымы болуп саналат.

Өзбекстан, жаратылыш газ өндүрүү боюнча дүйнөдө он өлкөнүн катарына кирди, 1,1 триллион куб метрге барабар жаратылыш газ запастары бар.

Өзбекстандын өкмөтү, 2021-жылына мунай жана газ тармагында 78 долбоорго 30,4 млрд доллардык салым жасоону пландап жатат.

http://kabar.kg/tur/news/lukoil-ozbekistanda-gaz-uretimini-art-rd/