13.03.19.

Өзбекстандын Экономика жана өнөр жай министрлиги, Россия менен Өзбекстандын ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча жумушчу топтун жыйынтыгын билдирди.

Орус тарап "тарыхый мамилелер жана мындан аркы кызматташтыктын потенциалын эске алуу менен" 200 миң тонна кант экспорттого квота берилүүсүн сунуш кылды.Ошол эле учурда, Россия Өзбекстанга кондитердик азыктарын импорттоодо акциздик жыйымды да алып салынуусун сунуштаганын.

2017-2018-жылдары сезон убагында Россиядан Өзбекстанга   216 миң тонна кант экспорттолуп, жергиликтүү рыноктун лидери болгон. Бирок 2018-жылдын декабрында Өзбекстан Иран, Пакистан, Украина жана Беларусиядан кант экспортунун көбөйүшү жана жергиликтүү заводдордун ишке кириши менен Россиядан кант алууну токтоткон эле.

Бирок, адистердин белгилөөсүндө, азыр орус кантынын  баасы атаандаштыкка жооп бере албайт деп эсептешет. Ошондуктан, Өзбекстандын рыногуна кайрадан кирүү үчүн кээ бир артыкчылыктар киргизүү аркылуу гана мүмкүн болот. Ал эми, бул маселе май айында  Россиянын жана Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланат, деп билдирилди.

http://sugar.ru/node/26360