14.03.19.

АКШнын Epsilon Development LLC компаниясы Өзбекстандын Кашкадарыя областынын  "Талимарджан" аттуу   газкорунда, жаратылыш газын  өндүрүүнү баштады.

Маалыматка ылайык, күн сайын өндүрүлүүчү көгүлтүр оттун көлөмү  250 миллион куб метрди түзөт.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, америкалык компания ушул жылдын февраль айынан баштап газ корун  иштетип баштаган. Газ Өзбекстандын ички рыногунда гана сатылмакчы.

Epsilon Development компаниясы, Өзбекстанда газ өндүрүүгө $ 5,2 млрд доллардык инвестициялык салым салуусу  күтүлүүдө. 

Буга чейин,  АКШ компаниясы кыйын жана бир топ каражаттарды талап кылган, Сурхандарыя жана Фергана аймактарында газ чыккан жерлерди иштете тургандыгын  жарыялаган эле.

АКШ жакынкы эки жылда, бул аймактарда да газ кендерин өнүктүрүү үчүн 2 миллиард доллар салым кошууну каалайт.

Өзбекстандын инвестиция боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматында, акыркы жылдары өлкөгө 11,8 миллиард доллар көлөмүндө инвестиция  келген. Бул сумманын 73% пайызы  мунай секторунда тиешелүү болгон.

https://liter.kz/ru/news/show/56980-ssha_nachali_dobychu_gaza_v_uzbekistane