18.03.19.

16-мартта Өзбекстандын "GM Uzbekistan" компаниясы Казахстанга автоунаалардын биринчи партиясын экспортоону ишке ашырды.

Компания Казахстандын Костанай шаарындагы “СариаркаАвтоПром” заводунда Nexia R3 маркасын чогултуу үчүн авто тетиктерин экспортойт. Ал эми  “Равон Моторс Қозоғистон” заводуна Nexia R4 үлгүсүндөгү даяр автоунааларды экспорттойт.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары бул жылдын башынан бери компания Афганистанга жана Тажикстанга автоунааларды экспорттогон.

Эскерте кетсек, GM Uzbekistan компаниясы он түрдүү маркадагы автоунаа өндүрөт. Алардын төрт түрү седан - Nexia, Cobalt, Gentra жана Malibu, эки кичинекей унаа - Matiz жана Spark, Captiva жол тандабасы, Orlando минивэни , Damas кичи автобусу жана Labo микровэн маркалары дагы бар.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20190318/11035496/Pervaya-partiya-avtomobiley-GM-UZBEKISTAN-otpravilas-v-Kazakhstan.html