03.25.19.

Өзбекстанда курулуучу фотоэлектр станциясын  каржылоо, куруу  жана пайдалануу боюнча биринчи глобалдык  долбоор  кызыгууну жаратып,  ага  23 компания катышканын   Өзбекстандагы  Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү билдирди.

 Дүйнөлүк Банктын мүчөсү IFC, Өзбекстандын өкмөтүнө Навои областында 100 MW кубатуулука жеткен фотоэлектр станциясын   курууга  эксперттик колдоо көрсөтүп жатат. Бул долбоор, кубаттуулугу 1 гигават күн энергиясын алуу боюнча өкмөттүн  демилгесинин биринчи кадамы болуп калмакчы.

Эгер, долбоор ишке ашса, өлкөнүн жаратылыш газына  көз карандылыгын азайтып, кайра иштетилүүчү  энергиянын үлүшүн көбөйтөт деп билдирет, Ташкенттеги Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү.

"Өзбекэнерго" мамлекеттик энергетикалык компаниясы, 2019-жылы 1-февралында алдын ала квалификациялык тандоо жүргүзүп, дүйнө жүзү боюнча 23 компания, анын ичинде  Европа Азия жана Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнөн арыздарды кабыл алды. IFCтин Борбордук Азия жана Европа боюнча аймактык жетекчиси  Вибке Шлёмер: "Бул долбоорго болгон өзгөчө  кызыгуу,  инвесторлордун Өзбекстанга жогорку деңгээлдеги кызыгуусун көрсөтөт. Өзбек өкмөтүнүн жеке секторго инвесторлордун ачык айкын жана таза катышуусун колдоосунун натыйжасында өлкөдө инфраструктура жана инвестиция  көлөмү өсөт"- деп билдирди.

"Өзбекэнерго"  Өзбекстан Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленген критерийлерге жооп берген арыздарды баалай турганын Дүйнөлүк Банк белгиледи.

https://ca-news.org/news:1502126