26.03.19.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Абу-Даби эмиратынын (Бириккен Араб Эмирлиги) ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид Ел Нахянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө $ 10 млрд. долларлык келишимге кол коюулду.

Салтанаттуу жолугушуу аземи  Каср ал-Ватан сарайында өттү. Шавкат Мирзиёев, 50 жылдын ичинде дүйнөлүк экономиканын борборлорунун бирине айланган өлкө менен Өзбекстан тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.

2018-жылы Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмиратарынын (БАЭ) ортосундагы соода жүгүртүү $ 400 млн. долларды түзгөн. Мирзиёев, соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн, бирок кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү дагы эле толугу менен ишке аша электигин билдирди.

Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясына жылына сооданын көлөмүн $ 1 млрд. долларга жеткирүү милдети коюулду.   

Атап айтканда, туризм тармагына үмүттөр чоң. 2018-жылы Өзбекстанга Эмираттан келген туристтердин агымы эки эсе көбөйгөн. 2019-жылдын 20-мартында Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары үчүн эркин виза режимин киргизди. Бул мындан ары туристтердин санын көбөйтөт деп күтүлүүдө. 

Сүйлөшүүдөн кийин тараптар салым, каржы, энергетика, өнөр-жай жабдууларын иштеп чыгуу, айыл чарба жана бажылык башкаруу чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашылган документтерди алмашуу иш чарасы болуп өттү. Жогорудагы макулдашуулардын баасы $ 10 миллиард долларга бааланууда.

Мындан тышкары эки өлкө башчылары, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика жана инфраструктура тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илим жана билим берүү тармагында да кызматташуу боюнча макулдашты.

https://fergana.agency/news/106115/